Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

АКШ Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча БУУнун резолюциясына вето койду


БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны.

Кошмо Штаттары БУУнун Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотууну талап кылган резолюциясынын долбооруна вето койду.

Документти БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү, анын ичинде Орусия да колдоду. Британия добуш берүүдө калыс калды. Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) иштеп чыккан долбоорго 97 өлкө авторлош болгон.

АКШнын БУУдагы элчисинин орун басары Роберт Вуд резолюцияны "тең салмаксыз жана чыныгы турмуштан алыс" деп атап, ал оң өзгөрүүлөргө алып келбей турганын билдирди. Вуд документтин авторлору Кошмо Штаттары жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобунун Израилге чабуулун айыптоону киргизүүдөн жана курман болгондорго көңүл айтуудан баш тартканын белгилеп, муну “кабыл алынгыс" деп атады.

Палестинанын БУУдагы өкүлү Рияд Мансур АКШны "кош стандарттык" үчүн айыптап, америкалык вето "аскердик жаңы кылмыштарды жасоого көбүрөөк убакыт берерин" билдирди.

Мурдараак БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун уставынын 99-беренесин колдонуу менен Газа тилкесиндеги ок атышууну гуманитардык максатта токтотууга чакырып, Коопсуздук кеңешине кайрылган.

ХАМАС башкарган Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 17 миңден ашуун палестиналык каза тапканын кабарлады. Согуш маалында бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Израил буга жооп катары бул топтун көзөмөлүндөгү Газа тилкесинде аскердик операция баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG