Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Туунун өзгөрүшүнө каршы митингге чыккандар активист Жоробековду бошотууну талап кылышты


Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг. 9-декабрь. 2023. Бишкек.
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг. 9-декабрь. 2023. Бишкек.

Бүгүн, 9-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митингге чыккандар активист Афтандил Жоробековду бошотууну талап кылышты. Максим Горький атындагы гүлбакка чогулган 50дөй киши бийликти тууну өзгөртпөөгө чакырып, кайрылуу жасап, тарап кетишти.

7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. Анын бөгөт чарасын Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Судья Жоробековдун кармалышын да мыйзамдуу деп тапты.

Ички иштер министрлиги Жоробековдун кармалышына байланыштуу маалымат таратып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Жоробеков социалдык тармактардагы акция тууралуу кайрылууларына байланыштуу 2-декабрда да Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрга белгиленген "Туудан колуңду тарт!" автожүрүшүнөн улам чакырганын жазган. Айтылган күнү милиция мерчемделген жерге катышуучулардан мурда келип, аларга эскертүү бергенден кийин автожүрүш болбой калган.

29-ноябрда Жогорку Кеңеш спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул кабыл алды. Долбоорго 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикир жазган. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG