Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Кайсы өлкөнүн окуучулары билимдүү?


"Батыштын Борбор Азиядагы мүмкүнчүлүктөрү артууда"

Newsweek 7-декабрда Борбор Азия Батышка стратегиялык өнөктөш катары зарыл деген блог жарыялады.

“Советтер союзу ыдырагандан кийин бир катар эл аралык байкоочулар жаңы пайда болгон 15 мамлекет бир заматта демократияны өнүктүрүп, рынок экономикасына өтүп, Батыштагыдай институттарды түзө алат деп күткөн. Баланын кыялындай угулганы менен, айрым учурларда ошондой эле болду”, - деп баштаган макаласын журналист Марк Темницкий.

Ал Грузия чечкиндүү саясий жана экономикалык реформаларды, коррупция менен күрөштү жүргүзгөндө Батыштын жардамына таянганын эске салып, Евразиядагы калган мамлекеттер андай ийгиликке жетише албаганын белгилейт. Анын пикиринде, көбү коррупциядан, саясий кризистерден, бийлик үчүн күрөштөн, Орусиянын кийлигишүүсүнөн, Кытайдын таасиринен жапа чегип, мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашыра албай келатат. Журналист бул тизмеге Кыргызстанды да кошкон.

Борбор Азия-Орусия саммити. Астана, 14-октябрь. 2022-жыл
Борбор Азия-Орусия саммити. Астана, 14-октябрь. 2022-жыл

Москванын аракеттерине токтолуп, андан ары Орусия аймактагы өлкөлөрдү газ биримдигине кирүүгө көндүрүү аракетин көргөнү, “Газпром” Өзбекстан менен Казакстанга газ экспорттоону пландаганы баяндалат. Темницкий муну менен энергетикалык көз карандуулук күчөйт деп боолгойт. Кытай дагы Борбор Азияны “ири энергетикалык өнөктөшкө” айлантууну көздөйт.

Автор бул - советтик бийликтин мурасы эмес, жаңы көрүнүш экенине көңүл бурат. Мисал катары Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев көп векторлуу саясат жүргүзгөнү, АКШ жана Европа мунай кендерин иштетүүгө инвестиция салганы, техникалык жардам бергени, жарандык коомду окутуу өңдүү программалар ишке ашканы келтирилет. Бирок 2002-жылы 11-сентябрдагы теракттардан кийин Батыштын көңүл чордонуна Ооганстан чыкты.

Блогдо Москва жана Бээжин жаратылыш ресурстарына бай региондун маанисин жакшыраак түшүнгөнү, ошол ресурстарды пайдаланууну көздөгөнү баяндалат. Бирок Украинадагы согуш, Москвага салынган санкциялар көнүмүш ыргакты өзгөрттү. Темницкий жакында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянып, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанда Кытайга карата коомдук маанай терс жакка өзгөргөнүн жазат.

Ал ушу тапта Батыштын Борбор Азияга экономикалык рыногун бекемдөөгө жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жардам берүү мүмкүнчүлүктөрү артууда деп эсептейт. Андай болбосо, Москва калтырган боштукту Бээжин толтурушу ыктымал.

Макалада АКШ жана Еврошаркет бул багытта жүргүзгөн аракеттер, С5+ форматындагы саммиттер, лидердердин сапарлары тууралуу кеп болот.

Эстония Борбор Азияга экспортун текшерет

Эстониянын коомдук телеканалы (ERR) 7-декабарда Борбор Азияга атайын репортажын арнап, санкциялар темасын козгоду.

Эстония-Орусия чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт
Эстония-Орусия чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт

Материалда айтылгандай, акыркы жылдарда Эстония менен региондун Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан өңдүү өлкөлөрү менен соода кескин өстү. Мындай көрүнүш санкцияланган товарлар Орусияга ташылууда дегенди билдириши мүмкүн.

2021-жылы Казакстанга экспорт 11 миллион евро болсо, быйыл бул сан он эсеге жогорулашы күтүлүүдө.

Кабарчылар комментарий алган Экономика министрлигинин расмий өкүлү Мари Алликмаа түшүндүргөндөй, экспорттун ири бөлүгү Еврошаркеттин башка мүчө-мамлекеттеринен Эстония аркылуу ташылган транзиттик товарларга туура келет. Муну менен катар ошол эле санкция салынган товарлардын үчүнчү өлкөлөргө экспорту өскөнү байкалууда.

Албетте, Эстонияны кош максатта колдонулчу продукцияны Орусияга жөнөтүү ыктымалдыгы түйшөлтпөй койбойт.

Маалыматка караганда, Борбор Азияга экспорт жыл башында абдан тез өсүп, жай айларына барып басаңдаган.

Аталган мамлекеттин Бажы жана салык кызматынын маалыматына ылайык, эстониялык ишкерлердин көбү атайлап эмес болсо да, кээ бир товарлардын Борбор Азия аркылуу Орусияга ташылышына көмөктөшкөн. Мындан улам эми экспортту дыкат текшерүү, товардын чындап эле регионго багытталганын аныктоо көрсөтмөсү берилген.

Репортажда Эстониянын борбор азиялык мамлекеттердеги элчиси Томас Тирске да сөз берилген. Ал өткөн аптада казак жана өзбек кесиптештери менен бажыдагы кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын талкуулаганын айтып берди.

PISA: Эң билимдүү окуучулар Сингапурда

Эстония демекчи, ал өлкө 15 жаштагы окуучулардын билим деңгээлин текшерген PISA эл аралык изилдөөсүндө кайрадан европалыктар арасында биринчи орунга чыкты. Жалпы рейтингде салттуу түрдө Азиянын мамлекеттери бул ирет да эч кимди алдыга чыгарган жок. Өспүрүмдөр текст окуу, математика жана табигый илимдерден тест тапшырат. Изилдөөнү Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму 3 жылда бир жолу жүргүзөт.

Сингапурдагы мектеп окуучулары
Сингапурдагы мектеп окуучулары

Пандемиядан кийин биринчи жолу өткөрүлгөн быйылкы изилдөөгө 81 өлкө катышты.

Guardian жазганына караганда, Сингапурдун билим берүү системасы эң натыйжалуу болуп чыкты. Андан кийинки саптарга Макао, Тайван, Гонконг, Жапония жана Түштүк Корея жайгашты. Бирок жалпы жонунан дүйнөдө балдардын билим деңгээли начарлаптыр. Мисалы Германия, Исландия, Нидерланд, Норвегия жана Польшада 2018-2022-жылдар аралыгында эң кескин төмөндөө байкалган.

Муну пандемияда мектептердин убактылуу жабылышы, балдардын онлайн окууга өтүшү менен түшүндүрсө болот. Ошол эле маалда COVID-19га карабай кээ бир мамлекеттер өз көрсөткүчтөрүн жакшырта алды. Демек, билим сапатынын начарлашын жалаң эле коронавирустан көрүү туура эмес.

Al Jazeera уюмдун талдоочусу Эрик Шарбоньеге шилтеме менен билим берүү системаларындагы кемчиликтер узактан бери келатканын белгилейт.

“Өлкөлөр акыркы 10 жылда билим берүүгө инвестиция салып келгени менен, балким окутуунун сапатына жетиштүү көңүл бурган эмес”, - деп эсептейт ал.

Алгачкы ирет PISA балдардын менталдык абалын да эске алды. Билими жогору деп бааланган өлкөлөрдө окуучулардын бир тобу “ийгилик жарата албайм деп катуу коркорун, спорт өңдүү сабактардан тышкаркы иш-чараларга аз катышарын” айтышкан.

Ал эми көрсөткүчтөрү төмөнүрөөк жерлерде жеткинчектер спорт менен көбүрөөк машыгары, сабактарда азырак толкунданары белгилүү болду.

Би-Би-Си балдар менен кыздар ортосундагы ажырым тууралуу кеп кылат. Эркек балдар кыздардан математика боюнча 9 баллга жакшыраак баа алды, бирок кыздар текст окуу жагынан 24 баллга озуп чыкты. Андан тышкары талдоочулар көпчүлүк өлкөлөрдө түпкүлүктүү окуучулардын билими иммигранттарга караганда жакшыраак экенин аныкташты. Бул алардын материалдык тартыштыгы менен түшүндүрүлөт.

Кыргызстан сөз болгон тестирлөөгө катышкан эмес. Борбор Азиядан Казакстан жана Өзбекстандын көрсөткүчтөрү ортодон төмөн болуп чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG