Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:32

"Тыюу салынбайт". Казакстандын санкция боюнча эки ача сөзү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Экономика жана интеграция министрлиги казак бийлиги Орусияга согушта колдонула турган товарлардын 106 түрүн сатууга тыюу салганы боюнча маалыматты четке какты. Мекеме кош максатта пайдаланылуучу продукцияларды экспорт, импорт кылууга жана транзит үчүн лицензия алуу керектигин билдирди.

Мунун алдында эле коңшу өлкөнүн экономика жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төребаев Орусияга аскердик максатта колдонулуучу товарлардын 106 түрүн сатууга тыюу салынганын айтканын казак маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Бул Украинадагы согушка байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга киргизген санкцияларды кыйгап өтүү айла-амалы жана ага каршы чаралар тууралуу маселени кайра козгоду.

Казак бийлигинин санкция боюнча билдирүүсү

Казакстандын Экономика жана интеграция министрлиги “Орусияга сатууга тыюу салынды” делген товарлар боюнча 19-октябрдын кечинде түшүндүрмө берип, министрдин орун басары Кайрат Төребаевдин буга чейинки сөзүн жокко чыгарды. Мекеменин маалыматына караганда, “санкцияларга байланыштуу кайсы бир товарлардын Орусияга экспортуна тыюу салынган эмес”. Расмий маалыматта Төребаев сөз кылган товарлар кош максатта пайдаланылуучу продукциялар экени белгиленип, мындай товарлардын экспорту 20 жылдан ашык убакыттан бери ансыз деле көзөмөлдөнүп келе жатканы, аларды импорттоого, экспорттоого жана транзиттегенге лицензия алуу керек экени айтылган.

Коңшу өлкөнүн экономика жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төребаев 19-октябрда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына комментарий берип жатып, Казакстан Орусияга аскердик да багытта колдонулуучу товарлардын 106 түрүн сатууга тыюу салынганын айткан.

“Биз алардын экспортун толугу менен чектедик. Бул аскердик товарлар: дрондор жана алардын тетиктери, электрочиптер менен ушул сыяктуу буюмдар”, - деген Кайрат Төребаев өлкө “чектөө салынган, согушка тиешеси бар 106 түрдөн тышкары бардык товарларды экспорттой” берерин кошумчалаган.

Казак бийлиги былтыр май айынан тартып аскердик максаттагы товарларды Орусияга сатууга тыюу салганын, кош максатта пайдаланылуучу продукцияны экспорттоого уруксат алуу эрежесин киргизгенин билдирип келет. Ошол эле маалда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менчик компаниялар тыюу салынган товарларды реэкспорттоо менен алектениши мүмкүн экенин, бийлик андайга жол бербөө үчүн аракет кыларын кабарлаган.

Май айында орусиялык “Важные истории” басылмасы, Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) жана германиялык Der Spiegel жүргүзгөн иликтөөдө Орусия санкцияларды буйтап, казакстандык компаниялардан Украинадагы согуш үчүн чиптер менен дрондорду сатып алып жатканы айтылган.

Кош багыттагы товарлардын Борбор Азиядан Орусияга агымы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган сүрөт.
Кош багыттагы товарлардын Борбор Азиядан Орусияга агымы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган сүрөт.

“Эркин Европа / Азаттык” радиосунун бир нече кызматынын июнь айындагы иликтөөсү да бир катар казак жана кыргыз компаниялары кош багыттагы электроника товарларын Орусияга жөнөтүп жатканын көрсөткөн.

28-сентябрда Берлинге барган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана Батыштын Орусияга каршы санкцияларын “аткарарын” айткан:

“Казакстан Батыштын Орусияга каршы санкцияларын сактайт. Биз санкциялык режимди сактоо үчүн бардык тиешелүү уюмдар менен байланышып турабыз”.

Орусияга салынган санкциялар маселеси 13-октябрда Бишкекте өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммитинде да көтөрүлгөн.

Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин сөз кылып, “Батыштын санкциялары натыйжасыз” деген пикирин кайталаган. Ал санкциялар Орусиянын өнөктөштөрүнө да кошумча жүк болгонуна карабай мамилелерди улантуу ниетин билдирген.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

“Жашырганда эмне, КМШ эле эмес, Орусиянын бардык өнөктөштөрүнө басым кылып, коркутуп, айрымдарды башкарууну каалап жатканын биз түшүнүп турабыз. Бирок КМШга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери - улуттук кызыкчылыкты коргогон кишилер. Ошондуктан дал ушул мүнөздө мындан ары да мамилени улантабыз деп ишенем”.

Кыргыз бийлигинин санкциялык талаптарды аткаруу аракети

АКШ, Евробиримдик баштаган Батыш мамлекеттери дүйнө өлкөлөрүн, анын ичинен КМШнын мүчөлөрүн Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшпөөгө чакырып келет.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм жакында эле “Азаттыкка” берген интервьюсунда кыргыз өкмөтү санкциялык шарттарды аткарып жатканын айткан:

Жон Поммершайм.
Жон Поммершайм.

“Биз Орусияга салынган санкциялардын бардык мамлекеттерде так аткарылышын көзөмөлдөп турабыз. Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу башка өлкөлөр санкцияларды кыйгап өтүп орус армиясына жардам беришине тоскоол болушубуз керек. Биз колдо бар маалыматтарды Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен, анын ичинен Кыргызстан менен да бөлүшүп турабыз. Бул маселе боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен сүйлөшүүдө жакшы жыйынтыктар бар. Ушул жылы Кыргызстанга АКШнын Каржы министрлигинен жана Коммерциялык департаментинен эки делегация барып, санкциялар тууралуу маселени талкуулап келишти. Кыргызстандын кызмат адамдары ишканалардын Орусияга салынган санкцияларды так сактоосу үчүн кошумча чараларды көрүп жатканы колдоого аларлык”.

Буга чейин президент Садыр Жапаров, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга каршы салган санкцияларды бузбаганын айткан. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев көрүлүп жаткан кошумча чаралар тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди:

“Биз Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен да жолуктук. Ал санкциялык тизмеге киргизилген 45 товардын тизмесин өткөрүп берди. Алардын 43ү Кыргызстандын улуттук тизмесинде бар товарлар. Калгандары боюнча иш жүрүп жатат. Эми согушка колдонула турган продукциялардын өтүп кетпеши үчүн кандай чараларды көрүш керек деген темада жакында окууларды да өткөрөбүз. Алар тажрыйбалары менен бөлүшөт. Анткени санкцияга киргизилген товарларды көзөмөлдөө өтө кыйын. Биз компаниялар менен да иш алып барып, аларга “тыюу салынган товарларды ташысаңар, санкцияга түшүп каласыңар” деп эскертип жатабыз”.

Буга чейин АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулган. Ошондой эле АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

Экономика министринин мурдагы орун басары, ишкер Элдар Абакиров ишканалар жоопкерчиликти сезиши керек деген пикирин бөлүштү:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

“Компаниялар миңдеген товарларды ташыйт. Анын ичинен 100гө жакыны согушта колдонулат. Эми ушул продукциялар үчүн калган миңдеген товарды ташууга зыян тийип калбагыдай болушу керек. Буга чейин УКМК санкция салынган товарларды ташыган ишканаларга чара көрүлөт деген билдирүү таратты эле. Мекеме аларга айып салынабы же жабылабы, дегеле кандай чара көрүлөт - ушуларды тактап койсо жакшы болмок”.

Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG