Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Орусияда журналист Маша Гессенге издөө жарыяланды


Журналист Маша Гессен.
Журналист Маша Гессен.

Орусиянын Ички иштер министрлиги журналист Маша Гессенге издөө жарялады. Бул тууралуу Медиазона басылмасы жазды.

23-ноябрда Гессенге "орус армиясы тууралуу фейктерди жарыялаган" деген кине менен кылмыш иши козголгону ачыкталган. Буга анын август айында журналист Юрий Дудга берген маеги себеп болгон. Анда Гессен менен Дудь Украинанын Буча шаарындагы орус аскерлеринин кылмыштарын талкуулашкан.

Гессен Орусиянын президенти Владимир Путин тууралуу китеп жазган, көптөгөн сыйлыктарга ээ жана адам укуктары боюнча активист катары белгилүү. Ал көп жылдан бери АКШда жашайт.

2012-2013-жылдары бир нече ай "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматын жетектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG