Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

8-декабрь: Конституциялык сотко козголгон иш, Афтандил Жоробеков эки айга камалды


Афтандил Жоробеков
Афтандил Жоробеков

8-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Тууну коргогон Афтандил Жоробеков эки айга камалды

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Анын бөгөт чарасы 8-декабрдын кечинде Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралды.

Сот отуруму башталарда активист "мыйзамсыз" кармалганын айтып, коюлган айыптардын "негизсиз" экенин "Азаттыкка" айтты: “Баары жомок. Тууну коргоо кылмышпы? Кылмыш эмес. Мен мындан кайтпайм".

Жоробеков 7-декабрда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылып, кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылганын адвокаты Махабат Мамасалиева “Азаттыкка” билдирген.

Конституциялык соттун жетекчилерине иш козголду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Конституциялык соттун төрагасы менен жетекчилерине “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Атайын кызмат аларды “Консоттун судьяларынын чет өлкөлүк иш сапарларына келген чакыруу каттарын жашырып, чет өлкөлүк сапарларга жакын туугандарын алып чыгышкан” деп айыптады. Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев “Азаттыкка” комментарий берип, бул айыпты “болбогон сөз” деп атады.

Саясатчы Адахан Мадумаров абакта калды

8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту парламенттеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 9-февралга чейин УКМКнын абагында калтырды. Мунун алдында Жогорку Кеңештин 75 депутаты саясатчыны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен ишти карап жаткан судья Мирбек Сатарбек уулуна кат жолдогон. Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси боюнча айыпталып жатат. Оппозициялык саясатчы мындай айыпты четке кагып келет.

Сириядан кайтарылган кыргызстандыктар

“Айкөл-4” гуманитардык миссиясынын алкагында 8-декабрда Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерде жүргөн дагы 31 аял жана 65 бала Кыргызстанга алып келинди. 22-октябрда Сириядан Кыргызстанга буга чейин да 21 аял жана 62 бала алып келинген. Ага чейин 49 аял, 105 бала быйылкы жылдагы эки репатриация иш-чарасынын алкагында өлкөгө жеткирилген.

Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. Бишкек, Кыргызстан. 30-август, 2023-жыл. Сүрөттү Тышкы иштер министрлиги таратты.
Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. Бишкек, Кыргызстан. 30-август, 2023-жыл. Сүрөттү Тышкы иштер министрлиги таратты.

Дагы бир курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бурана Гранд” курулуш компаниясынын директору Урмат Ишенбеков кармалганын билдирди. Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу аракеттерин билип туруп, анын каражатын кыймылсыз мүлккө колдонгон деп шек саналууда. Кыргызстанда Камчы Көлбаевге байланышы бар делген бир нече курулуш ишканаларынын жетекчилери кармалган. Ишенбековдун бул иш боюнча позициясы азырынча белгисиз.

Израил армиясы Жабалияда рейд өткөрдү

Израил армиясы билдиргендей, 7-декабрдын кечинде Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис калаасында ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ондогон жайларына сокку уруп, Жабалияда рейд өткөрдү. Жөөт аскерлери ал жакта радикал уюмга караштуу туннелдер түйүнүн, машыгуучу жай жана курал-жабдык кампасын аныктаганын билдирди. Жабалия шаары Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Согушка чейин эле ал жакта качкындар баш калкалаган ири лагерь бар эле.

Путин 2024-жылы президенттик шайлоого катышарын жарыялады

Орусиянын лидери Владимир Путин 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Орусияда президенттик шайлоо эмдиги жылдын 17-мартында өтөрү 7-декабрда маалым болгон. Путин Орусияны 2000-жылдан бери (президент жана премьер-министр катары) башкарып келет. Бул жолку президенттик шайлоо Москванын Украинадагы согушу уланып жаткан мезгилде өткөнү турат.

"Азаттыктын" жаңылыктар топтомун Телеграмдагы жана Вотсапптагы каналдарыбыздан окуп туруңуздар

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG