Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Израил армиясы Жабалияда рейд өткөрдү


Жабалиядагы жөөт аскерлери
Жабалиядагы жөөт аскерлери

Израил армиясы билдиргендей, 7-декабрдын кечинде Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис калаасында ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ондогон жайларына сокку уруп, Жабалияда рейд өткөрдү.

Жөөт аскерлери ал жакта радикал уюмга караштуу туннелдер түйүнүн, машыгуучу жай жана курал-жабдык кампасын аныктаганан билдирди.

Буга чейин Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы жериндеги кабарчысына таянып, Жабалия лагерин учурда жөөт армиясы курчап турганын маалымдаган.

Жабалия шаары Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Согушка чейин эле ал жакта качкындар баш калкалаган ири лагерь бар болчу. 1,4 чарчы чакырым аймакта 115 миңден көп киши отурукташкан. Израил армиясы тургундарды бул жактан чыгып кетүүгө чакырган.

ЦАХАЛдын маалымат катчысы Даниэл Хагари ондогон жоочулар өз ыктыяры менен колго түшкөнүн билдирди.

Андан тышкары жөөт армиясы Ливандагы “Хезболла” тобуна караштуу делген жайларга сооку урду. Бул кадам Израилдин түндүгүндөгү Штула аймагына урулган ракеталык соккудан кийин жооп чара катары жасалганы кабарланды. Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 7-окябрда жасаган билдирүүсүндө эгер "Хезболла" кеңири масштабадагы согуш баштоону чечсе, анда Бейрут менен Ливандын түштүгүн өз колу менен Газа жана Хан-Юниске айлантарын эскертти.

Анклавдагы экинчи чоң шаар Хан-Юнисте жөөт жоокерлери менен радикал согушкерлердин ортосунда айыгышкан кармаш уланууда. Мындан улам ал жакка гуманитардык жардам жеткирүү ого бетер кыйындады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG