Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Балбак Түлөбаев тууну өзгөртүү долбооруна каршы добуш берерин айтты


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мамлекеттик тууну алмаштыруу жөнүндө мыйзам долбооруна экинчи окууда каршы добуш берерин айтты. Бул тууралуу ал 8-декабрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында эл менен жолугуп, желектү өзгөртүү демилгеси боюнча да пикирлерин уккан:

“Элдин көбү - дээрлик 80-90% тууну өзгөртүүгө каршы. Мага “каршы болбосоң анда бизге келбей эле кой” дешти. Бул экономикалык, саясий же социалдык маселе эмес. Бул улуттук маселе. Бул жолкусунда эл катуу талап коюп жатат”, - деди ал.

Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү сунушун саясатташтырбоого чакырып, мыйзам долбоорунун концепциясына биринчи окууда “макул” деп добуш берген.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган. Ушул отурумда Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирген. Бирок сөз болуп жаткан демөөрчүлөр ким экенин ачык айткан эмес.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG