Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Активист Жоробековго “массалык башаламандыкка” чакырган деген айып тагылды


Афтандил Жоробеков
Афтандил Жоробеков

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан жарандык активист Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылды.

Бул тууралуу 7-декабрда “Азаттыкка” активисттин адвокаты Махабат Мамасалиева билдирди. Адвокаттын сөзүнө караганда, Бишкек шаардык милициясы Жоробековго 6-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видео боюнча иш козгогон. Ал видеодо активист акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасында "жылыш жок" деп айтып, желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирген.

Адвокат Мамасалиева тергөөчү активист Жоробековду 48 саатка камакка алуу тууралуу чечим чыгарганын кошумчалады. Андан тышкары анын үйүндө тинтүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова камалган активисттин үйүнө тинтүү жүргүзүү үчүн кишилер келгенин Фейсбукка жарыялады.

Бул берене менен айыптуу деп табылгандар беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG