Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Өзбекстанда блогер Арифхожаев үй камагына чыкты


Өзбекстандык блогер Фазилхожа Арифхожаев.
Өзбекстандык блогер Фазилхожа Арифхожаев.

Өзбекстан баш калаасы Ташкенттин соту Фазилхожа Арифхожаевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Эзгулик" укук коргоо уюмунун башчысы Абдурахмон Ташанов Фейсбукка жазды.

Бийликтин дин жаатындагы саясатын сындап келгени менен белгилүү 41 жаштагы блогер 2021-жылдын июнь айында "мечитте чуу жаратты" деген кине менен алгач он беш суткага камалган. Кийин "Интернетти колдонуу менен коомдук коопсуздукка коркунуч келтирчү материалдарды жарыялаган же тараткан" деген жаңы айып тагылып, 2022-жылдын январь айында 7,5 жарым жылга кесилген.

Арифхожаев Фейсбукка жарыялаган билдирүүсүндө "Мусулман эместерди диний майрамдары менен мусулмандар куттуктаса болобу?" деген суроо салган.

Укук коргоо уюмдары блогерге каршы козголгон кылмыш иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып, Ташкентти аны бошотууга чакырышкан.

Блогердин жакындарынын айтымында, Арифхожаев үй камагында Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө болот жана эрежелерди бузса кайра камалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG