Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Абактарда уюшкан кылмыштуу топтордун 130 мүчөсү кармалып турат


Кыргызстандагы колониялардын бири. Архив
Кыргызстандагы колониялардын бири. Архив

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы 7-декабрда кабарлагандай, учурда өлкөдөгү жаза өтөөчү жайларда уюшкан кылмыштуу топтордун жана кылмыштуу жамааттардын мүчөсү деп табылган 130 адам кармалып турат. Маалыматта алар жабык мекемелердеги кырдаалга активдүү таасир этүүгө жана мекеменин жетекчилигине өз кызыкчылыктарын таңуулоого аракет кылып келгени жазылган.

"Ишке тоскоолдук кылуу жана кызматкерлердин аброюн түшүрүү максатында кылмыштуу топтордун лидерлери айрым укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, туугандары, адвокаттары жана блогер, журналистерди пайдаланып, алар аркылуу мекеменин администрациясына кысым көрсөтүү ыкмасын кеңири колдонуп келишет", - деп жазылган маалыматта.

Мекеме түзөтүү мекемелеринде, жаза өтөөчү жайларда тинтүү жүргүзүп, тыюу салынган буюмдар табылганын маалымдады. "Тинтүү жаза өтөөчү жайларда жана тергөө абактарында уюшкан кылмыштуу топтордун, жааматтардын ишмердигин жоюу жана аларды аныктоо, тыюу салынган буюмдарды аныктап, бөгөттөө максатында жүргүзүлдү" деп түшүндүрдү.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан №3 түзөтүү мекемеси, Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №27, Бишкектеги №1 тергөө абагында, Ош шаарындагы №5 тергөө абагында тинтүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада бир нече кол телефондор, колго ачытылган алкоголдук ичимдиктер, баңги заттар, бычак жана башка тыюу салынган буюмдар табылган.

Мыйзам бузууга тиешеси бар кызматкерлери аныкталып, алар жоопко тартылганы кабарлады.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган. Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү же алар менен кызматташканы аныкталган айрым адамдар кармалып, камакка алынган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG