Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Time “2023-жылдын адамы” деп ырчы Тейлор Свифтти атады


Time журналы “2023-жылдын адамы” деп америкалык ырчы Тейлор Свифтти тандады.

Аткаруучу жана ырлардын автору Свифттин 200 миллиондон ашуун пластинкасы сатылган. 12 жолу "Грэмми" сыйлыгынын лауреаты болгон, American Music Awards сыйлыгын 40 ирет жеңген. Узап бараткан жылы анын популярдуулугу артты. Концерттерден тапкан кирешеси кээ бир чакан мамлекеттердин финансылык көрсөткүчтөрүнөн ашары белгиленет. АКШ экономикасына кошкон салымы (гастролдору өткөн жерлердеги концерттик залдардын, мейманкана, туристтик инфарструктуранын кирешеси) ички дүң өнүмдүн маанилүү бөлүгүнө айланган.

Кыска тизмеде ырчыдан тышкары Орусиянын жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин менен Си Цзинпин, OpenAI компаниясынын башкы директору Сэм Алтман, Британиянын падышасы Чарлз Үчүнчү, Барби куурчагы, АКШнын экс-президенти Доналд Трамптын сот процесстерине катышкан прокурорлор жана АКШнын Федералдык резерв системасынын төрагасы Жером Пауэлл болду.

Былтыр Time журналынын версиясында “жылдын адамы” деп украин президенти Владимир Зеленский аталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG