Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Америкалык сенатор тажик президентин куугунтукту токтотууга чакырды


Бен Кардин жана Эмомали Рахмон
Бен Кардин жана Эмомали Рахмон

АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин жетекчиси Бен Кардин Тажикстандын президентине жолдогон катында “тынч демонстранттарга, коомдук лидерлерге каршы куугунтуктоолорду, транс улуттук репрессияларды токтотууга” чакырды. Бул тууралуу комитеттин 5-декабрда жарык көргөн маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, шаршембиде ал жакта авторитардык бийликтер чет жактардагы диссиденттерди кантип бутага алып жатканы тууралуу угууларда Тажикстан темасы көнүл чордонунда болмокчу.

Демократиялык партиядан сенатор Кардин: “Негизсиз камакка алуулар, укуктук процедураларды бузуу, зомбулук, кыйноолор, журналисттерге, саясий диссиденттерге, коомдук, диний лидерлерге кол салуулар, көзүн тазалоо учурлары тууралуу маалыматтар такай түшүүдө. Тоолуу Бадахшан облусунда этностук жана диний азчылыктарга каршы репрессиялар өзгөчо камтама жаратат”, - деп жазды.

Андан ары Freedom House уюмуна шилтеме менен Тажикстанга улут аралык куугунтуктун катталган учурларынын дээрлик үчтөн бир бөлүгү туура келери айтылат.

Сенатор тажик бийлигин тиешелүү реформа жургүзүүгө үндөп, Вашинтон Тажикстан менен кызматташтыгын бекемдөөнү кааларын, адам укуктарын сактоо Тажикстанга артыкчылык алып келерин айтты.

“Озоди” радиосу жазганына ылайык, тажик президентинин сайтында сенатор Кардиндин каты жөнүндө эч нерсе айтылган жок. Бирок күч түзүмдөрү бийликтин сынчыларын чет мамлекеттерден экстрадициялоо, камакка алуу учурларына, Тоолуу Бадахшандагы окуяларга байланыштуу сынга өлкө мыйзамдарына таянганын айтып жооп беришет.

Эл аралык уюмдар акыркы кезде Тажикстандагы адам укуктары жана сөз эркиндиги одоно бузулуп келатканын сындап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG