Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

6-декабрь: Жапаров айткан "күчтөр", Ташиевдин базар ээлерине эскертүүсү


Президент Садыр Жапаровдун "Дордой" базарынын соодагерлери менен жолугушуусу, 5-декабрь 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун "Дордой" базарынын соодагерлери менен жолугушуусу, 5-декабрь 2023-жыл.

6-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент Жапаров базарларга тышкы башкаруу киргизүүнү кыйытты

Көзөмөл-кассалык машинелердин (ККМ) маселеси 6-декабрда да күн тартибинен түшкөн жок. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, “соодагерлердин митинги токтобосо өкмөттүн атынан “Кумтөр” сыяктуу тышкы башкаруу киргизилиши мүмкүндүгүн" айтты. Ал соодагерлердин митингин пайдаланып кетүүнү көздөгөн күчтөр бар экенин дагы бир жолу кайталады. ККМге байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да үн катып, "базар ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ал жайлар мамлекетке өтөрүн" эскертти.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова мамлекет жана Конституция жеке мүлктү коргоого алышы керектигин, базарларга тышкы башкаруу киргизилсе ал рейдерлик болуп каларын айтты. Дагы бир депутат Элвира Сурабалдиева бизнес эркин иштеши керек экенин билдирди.

Матраимовго байланышы бар 58 бажычы иштен алынды

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков 6-декабрда Бишкектеги басма сөз жыйынында кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар 58 бажы кызматкери иштен алынганын айтты. Ал бажы тармагында буга чейин түзүлгөн коррупциялык схема толугу менен жоюлганын, бирок анын элементтери дагы деле бардыгын моюнга алды. 2021-жылы Матраимов бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Депутаттар менен Байсаловдун тиреши

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүү маселесин кайра көтөрүп чыгышты. Буга парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 4-декабрдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы менен Эдил Байсаловдун талашып-тартыша кеткени негиз болду. Депутаттар менен Байсалов буга чейин да кер-мур айтышып, өкмөт мүчөсү 13-сентябрда эл өкүлдөрүнөн кечирим сураган. Шаршемби күнү Байсалов депутаттардын сынына "сый мамиле эки тараптуу болушу зарыл" деп айтты.

Сот Олжобай Шакирге айыбын угузду

Олжобай Шакир сотто. Аламүдүн райондук соту. 6-декабрь, 2023-жыл
Олжобай Шакир сотто. Аламүдүн райондук соту. 6-декабрь, 2023-жыл

Аламүдүн райондук сотунда 6-декабрда жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакирге айыптоо актысы угузулду. Прокуратура өкүлү "Олжобай Шакир Фейсбукта, ТикТокто "массалык башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келген, мындан сырткары элди митингге чакырган" деп билдирди. Олжобай Шакир андай айып менен макул эместигин билдирип, мойнуна алган жок.

Украин армиясы 41 "Шахед" дрону жок кылынганын билдирди

Ал арада Украина менен Газа тилкесинде согуш уланууда. Украинанын абадан коргонуу күчтөрү 6-декабрда орус армиясы учурган ирандык 48 дрондун 41ин атып түшүргөнүн билдирди. Телеграм-каналдагы маалыматка караганда, орус тарап Ирандан чыккан 48 "Шахед" дрондору менен чабуул койгон. Билдирүүдө дрондор Москва оккупациялаган Крым жарым аралындагы Чауд тумшугунан жана Орусиянын Курск облусунан учурулганы айтылат.

Газадагы Хан-Юнис шаарында көчө кармаштары жүрүп жатат

6-декабрда жөөт аскерлери Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарын курчоого алды. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна каршы согуштун алкагында ЦАХАЛ палестин анклавынын түштүгүндөгү операциясын күчөткөн. Фран-Пресс (АФП) агенттиги аскерлер хамасчылар менен шаардын көчөлөрүндө, имараттарда кармашып жатканын жазып, израилдик кол башчыга шилтеме менен бул азыркы уруштагы эң курч салгылаш болуп калганын кошумчалады.

Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди

Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди. Тиешелүү чечим уюмдун Мамлекеттер аралык комитетинин сессиясында кабыл алынды. Буга чейин Кыргызстандын атынан көкбөрү оюну, “Манас, Семетей, Сейтек” трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала кийиз, шырдак, ак калпак, боз үй жасоо чеберчилиги ЮНЕСКОнун “Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине” кошулган.

Сүрөт баяндама: Европа калың карга чулганды

Европага быйыл кыш адаттан тышкары эрте жана ызгаарлуу түштү. Батыш Европада калың кардан улам айрым жерлерде коомдук транспорт токтоп, аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурады. Германиянын көпчүлүк аймагында суук күч алып, кар калың.

"Азаттыктын" жаңылыктар топтомун Телеграмдагы жана Вотсапптагы каналдарыбыздан окуп туруңуздар

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG