Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Президент соодагерлердин акциясына криминал аралашкан деп эсептейт


Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында соодагерлер менен жолугушууда. 5-декабрь, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында соодагерлер менен жолугушууда. 5-декабрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы чыккан соодагерлердин митингин пайдаланып кетүүнү көздөгөн күчтөр бар экенин дагы бир жолу кайталады.

Мамлекет башчы ишкерлер талаптарын бийликке жеткирүү ниети менен нааразылык акцияларга чыкканын, бирок аларды өз кызыкчылыгына пайдаланууну максат кылгандар боюнча укук коргоо органдарында маалымат бар экенин айтты.

“Алардын митингге чыкканынан пайдаланып кетели деген илгерки “чоң акырдан жем жеп” жүргөндөр, бүгүн ишсиз калгандар, криминалдар бири-бирине телефон чалышып, “сен тиги базарга бар, сен бул базарга бар, элди болушунча көбүрөөк чыгаргыла” деп сүйлөшкөндөрү бар. Айрымдары өз адамдарын каржылап да жиберишти. Мунун баары атайын кызматтардан каттоодон өттү. Эгер атайын кызмат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жашыруун эмес десе, маалымат булактарынан сөздөрүн угуп каларсыңар. Ошол үчүн мен аларга: “Үчүнчү күчтөр силерди пайдаланып кетпесин”, - деп айттым. Ичинде кири жок жөнөкөй соодагерлер андай күчтөр арасына кирип алып иштеп атканын кайдан билишсин. Ошол үчүн артыбызда эч ким жок деп кыйкырып атышпайбы. Туура эле түшүнсөк болот”, - деди президент.

Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарындагы соодагерлер менен жолугушууда “базарлардагы акциялар артында атайын күчтөр турарын” айткан.

“Патент системасы калсын” деген талап коюп жаткан ишкерлер президентке дароо жооп берип, алардын артында эч кандай үчүнчү күчтөр жок экенин билдиришкен.

6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да атайын кызматтын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачуу иш-чарасында соодагерлердин митингдерин айрым чагымчылдар саясатка айландыргысы келип жатканын билдирди.

29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан.

2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери, Токмоктогу “Булак” базарынын соодагерлери да ККМге каршы чыгып, патент системасын калтырууну талап кылышкан.

5-декабрда Ош базарынын аймагындагы “Берекет Гранд” соода борборунун соодагерлери, Нарында базарда иштеген ишкерлер да ККМге каршы акция өткөрүштү.

Бул окуялардан кийин Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айтты.

Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG