Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Матраимовго тиешеси бар 58 бажы кызматкери иштен алынды


Самат Исабеков.
Самат Исабеков.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар 58 бажы кызматкери иштен алынды.

Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков 6-декабрда маалымат жыйында билдирди.

Ал бул жаатта 2022-жылдан бери териштирүү жүрүп келгенин, иштен алынган кызматкерлер арасында чечүүчү кызматта тургандар, атап айтканда, орун басарлар, башкы инспекторлор да болгон.

Бул багыттагы иликтөө иштери уланып жатканын, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.

Ал кирешинин көбөйүшүн коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгына байланыштырды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Чүйдүн Кемин районундагы атайын кызматтын бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы болгонун айткан.

Ал учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар делген 202 кызматкер иштен алынганын, алардын 50сү бажы кызматкери экенин тактаган.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG