Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Астана санкцияланган жүктү Түркмөнстан, Иран аркылуу ташууну макулдашты


Литва менен Беларустун чек арасы. 12-август, 2023-жыл
Литва менен Беларустун чек арасы. 12-август, 2023-жыл

Казакстан санкция салынган жүктү Европага Түркмөнстан жана Иран кирген Түштүк маршрут аркылуу ташууну макулдашты. Казак Транспорт министрлиги билдиргендей, Беларус менен Европанын ортосундагы 13 чек ара пунктунун сегизи иштебей турат. Орусия-Финляндия чек арасындагы өткөрмө бекеттери да жабылган.

«Мындай кырдаалдан улам казакстандык унаа каражаттары Беларус-Литва жана Латвия чек арасында көбүрөөк туруп калды. Андыктан биз жүктү Европага жеткирүү үчүн Түркмөнстан жана Иран менен транзит тууралуу сүйлөштүк”, - деп билдирди казакстандык мекеме.

Түштүк маршрут аркылуу жүк ташуу мөөнөтү узагыраак болот, бирок ал жол алтернатива катары аталууда.

Беларустун маалыматына караганда, европалык өткөөлдөрдүн 40% гана иштеп атат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG