Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Казакстанда орусиялык сериалга тыюу салуу маселеси каралып жатат


"Боз уландын сөзү" сериалынан кадр
"Боз уландын сөзү" сериалынан кадр

Казакстандын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги орусиялык “Боз уландын сөзү. Асфальттагы кан” деген сериалга тыюу салуу маселесин караштырып жатат. Министр Саясат Нурбек 5-декабрда Астанадагы журналисттердин суроолоруна жооп бергенде мекеме “Маалымат министрлигинен бир нече экспертти тартканын, зарыл болсо чечимдер кабыл алынарын, азырынча ызы-чуу байкалбаганын” билдирди

“Азаттыктын” казак редакциясы жазгандай, агартуу министри Гани Бейсембаев жогорудагы сөздөрдү кайталап, “зомбулукка сабырдуу мамиле кылынбашы керектигин, маселе каралып жатканын” айтты.

1970-80-жылдарда Татарстандын борбору Казандагы кылмыштуу топтор тууралуу баяндаган сериалды "бандиттердин жана зомбулуктун романтизациясы" деп айыпташууда. Тасманын авторлору айыптоолорду четке кагып, анда кылмыш сөзсүз жазаланары көрсөтүлгөнүн айтышат.

Татарстандын балдар акыйкатчысы Ирина Волынец «Роскомнадзор» мекемесин сериалды текшерүүгө чакырган. Жумурияттын жетекчиси Рустам Минниханов тасма бийликтин саясатына каршы келерин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG