Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% басмырлоого дуушар болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык балдар уюму ЮНИСЕФ "Европа жана Борбор Азиядагы майыптыгы бар балдар жана алардын жашоосу" деген аталышта баяндамасын жарыялады. Уюмдун сайтына 5-декабрда жарык көргөн баяндамада Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү майыптыгы бар балдар үйдө, мектепте, коомдук жайларда басмырлоого дуушар болушары жазылган.

Анда негизинен тогуз өлкөнүн: Беларус, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан, Сербия, Түндүк Македония, Түркмөнастан жана Черногорияда жашаган майыптыгы бар балдардын абалы иликтенген.

"Дээрлик бардык өлкөлөрдө майыптыгы бар балдар коомдон обочолонгон. Аларга бала бакчаларда, мектептерде, атүгүл үйдө да тийиштүү колдоо жок. Мындай балдар менен ойношпойт, китеп окуп беришпейт, тескерисинче аларга катаал мамиле жасалат", - деп белгилеген уюмдун аймактагы жетекчиси Режина Де Доминичис.

Баяндамада иликтөө жүргүзүлгөн бардык өлкөлөрдө майыптыгы бар балдар өздөрүнүн эле жакындарынан, карап баккан адамдарынан психологиялык агрессияга жана уруп-сабоого кабылышары айтылган. Кыргызстанда мындай балдардын 82% түрдүү басмырлоого кабылат.

ЮНИСЕФ коомчулукту, мамлекет башчыларын майыптыгы бар балдарды коомго тартуу аракетин көрүүгө чакырууда. "Бул жараянда негизги орунду майыптыгы бар балдарга мамилени өзгөртүү, социалдык жана башка түрдүү колдоо көрсөтүү, аларды ар тараптуу өнүктүрүүгө инвестициялоо маселеси турат", - деп жазылган баяндамада.

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 3% эч качан мектеп босогосун аттаган эмес.

Иликтөөдө Кыргызстанда майыптыгы бар балдарга кам көрүп тарбиялоодо аталардын салымы аздыгы белгиленген. Майыптыгы бар балдар менен алектенген аталар 6% түзсө, энелер 37%.

Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө 11 млн баланын майыптыгы бар. Бул жалпы аймактагы балдардын 6% түзөт. Жалпы дүйнө жүзүндө 240 млн бала майыптыгы бар деген каттоодо турат.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 18 жашка чейинки 32 миңден ашуун баланын майыптыгы бар. Жыл сайын 4 миңге жакын бала биринчи жолу майыптык статусун алат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG