Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

4-декабрь: Ташиев, Ятимовдун сүйлөшүүсү, Өзбекстандагы “караларга” каршы операция


Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. 1-декабрь, 2023-жыл
Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. 1-декабрь, 2023-жыл

4-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? "Азаттык" күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Соодагерлерди текшерүүгө жарым жыл мораторий кирди

Кыргызстанда экинчи жума катары менен чоң-чоң базарлардын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонуугакаршы митингге чыгып жатышат. 4-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги “Дордой Моторс”, Токмоктогу “Булак” базарынын ишкерлери акция өткөрүштү. Өкмөт болсо Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизди.

Чек ара боюнча "принципиалдуу чечимдер кабыл алынганы" кабарланды

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек ара боюнча “принципиалдуу чечимдер кабыл алынганын” билдиришти. Эки тарап тең соңку жолугушуулар тууралуу кенен маалымат бербей турат.

Активист Ырыс Жекшеналиев акталды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 4-декабрда 20 жаштагы активист Ырыс Жекшеналиевдин ишине чекит коюп, аны толук актады. Прокуратура аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Ырыс Жекшеналиев.
Ырыс Жекшеналиев.

Израил Газадагы аскердик операциясын кеңейтти

Эми эл аралык жаңылыктардан. Израил армиясы Газа тилкесиндеги ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмуна каршы операциясын кеңейтти. Тактап айтканда, буга чейин жердеги операциясын анклавдын түндүгүндө гана жүргүзүп келсе, эми түштүгүндө да баштады. Газа тилкесинде кырдаал оор, тамак-аш, суу жетишсиз.

Орус армиясы Авдеевкага жаңы чабуулун баштады

Украинада айыгышкан салгылаш уланууда. Орус күчтөрү Авдеевка шаарына чабуулун күчөтүп, басып алуу аракетин көрүп жатканын жергиликтүү бийлик билдирди. Буга чейин талдоочулар Орусиянын президенти Владимир Путин шайлоого барарын жарыялар алдында Украинада “жылыш” керек экенин боолгоп жатышкан. Путин 17-декабрда өтчү “Единая Россия” партиясынын сьездинде кийинки мөөнөткө көрсөтүлөрү күтүлүп жатат.

“Бахти Ташкентский” деген каймана ат менен таанылган 52 жаштагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Бахтияр Кудратиллаев ортодо (көз айнекчен).
“Бахти Ташкентский” деген каймана ат менен таанылган 52 жаштагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Бахтияр Кудратиллаев ортодо (көз айнекчен).

“Бахти Ташкентский” атыккан кримдүйнөнүн өкүлү кармалды

Буга чейин Кыргызстанда кримдүйнөнүн өкүлдөрүнө каршы башталган операция эми коңшу Өзбекстанга жеткендей. 4-декабрда “Бахти Ташкентский” деген каймана ат менен белгилүү Бахтияр Кудратиллаев кармалганы маалым болду. Ага чейин “Салимбай” жана "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал, кылмыштуу топторго байланышы бар ишкер Салим Абдувалиев кармалганы кабарланган.

“Женго” каймана аты бар Досонов Оштогу абактан Бишкекке которулду

Ош облусунда тергөө абагында кармалып турган “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкекке которулду. Бул маалыматты “Азаттыкка” анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ырастады. Анын сөзүнө караганда, Досонов 24-ноябрда дагы башка кылмыш ишине байланыштуу күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке которулган. Ал борбордо кайсы абакта экенин тактаган жок.

Кыргызстандык мушкер Амантур Жумаев алтын медал алды

Армениянын борбору Ереван шаарында өткөн бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 3-декабрда кыргызстандык мушкер Амантур Жумаев алтын медал алды. Бул Кыргызстандын тарыхында өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионаттагы биринчи алтын.

"Бүгүн Азаттыкта" тележаңылыктардын түрмөгүн бул жерден көрүңүз:

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG