Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарбасына 40 млн доллар бөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарба тармагына 40 миллион АКШ долларын бөлөт. Анын 20 миллиону грант түрүндө, 20 миллиону насыя катары берилет. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 4-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде макулдашуунун долбоору каралып жатканда билдирди.

“36 миллиону айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн логистикалык борборлорун түзүүгө, ага керектүү шаймандарды сатып алуу, технологияларды алып келүү, тамак-аш коопсуздук стандарттарын киргизүүгө сарпталат. Калган 4 миллион доллар долбоорду ишке ашырууга эксперттерди жалдоого, окутууга, келишимдерди түзүүгө сарпталат”.

Долбоор 2024-жылдан баштап 2028-жылга чейин ишке ашырылат. Насыянын мөөнөтү 32 жыл болсо, алгачкы сегиз жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат . Насыя бул убакыт аралыгында 1% менен, андан соң 1,5% менен төлөнөт.

Министр Кыргызстанда логистикалык борборлор жетишсиз болгону үчүн айыл чарба азыктарын экспорттоодогу потенциал колдонулбай жатканын белгиледи.

Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражат ишкерлерге коммерциялык банктар аркылуу сом менен 12% чен өлчөмүндө берилет. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков доллар менен алынган насыянын 1,5% үлүшү сом менен эсептегенде 8% барабар болорун түшүндүрдү.

Соңку жылдарда мамлекеттик казынадан айыл чарбасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү өстү. “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында быйыл жазында 6,3 миңдей дыйканга жеңилдетилген насыя берилген жана анын жалпы суммасы 2,9 млрд. сомго жакын. Айыл чарба министрлиги каражат негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого, мал чарбачылыгына бөлүнгөнүн билдирди. Насыянын теңинен көбүн же 4634 субъект мал чарбачылык категориясы боюнча алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG