Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Амантур Жумаев бокс боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду


Бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Амантур Жумаев.
Бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Амантур Жумаев.

3-декабрда Армениянын борбору Ереван шаарында өткөн бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык мушкер Амантур Жумаев алтын медал алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Бокс боюнча федерациясы билдирди.

Ал 52 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, беттешин 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Өзбекстандын, Германиянын, Орусиянын жана Польшанын спортчуларын утуп финалга чыккан. Финалдык беттеште Армениянын спортчусун жеңип, дүйнө чемпиону болду. Бул Кыргызстандын тарыхында өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионаттагы биринчи алтын.

Амантур Жумаев 2023-жылдын октябрь айында бокс боюнча Азия чемпиону болгон.

Ереванда 24-ноябрда башталган өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионат 4-декабрда жыйынтыкталат. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG