Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Германия Париждеги туристтерге кол салууну айыптады


Германия дем алышта Париждеги Эйфел мунарасынын жанында бычак жеп, каза тапкан немис туристинин өлүмүн айыптады.

Өлкөнүн ички иштер министри Нэнси Фейзер: “Радикал исламчылардын туристке кол салганы кабыл алынгыс кылмыш. Биз азыр курман болгон жарандын үй-бүлөсүнө, досторуна жана дагы жараат алгандарга көңүл буруп жатабыз”,- деп билдирди.

2-декабрдын кечинде Париждеги Эйфел мунарасынын жанында белгисиз адам туристтерге бычак шилтеп, бир киши каза болуп, экөө жараат алган. Полиция каза тапкан киши Германиянын жараны экенин маалымдаган. Reuters агенттиги Франциянын Ички иштер министрлигине таянып, кол салган жаран 26 жаштагы Франциянын жараны экенин жазды. Ысымы аталбаган жаран мурда дагы полициянын көз кырында болгон жана 2016-жылы радикал ислам кутумуна катыштыгы бар деген шек менен төрт жылга кесилген. Мындан тышкары ал психикалык жактан жабыркаганы белгилүү болду. Ал кол салып жатканда “Аллах акбар!” деп кыйкырып, кийин өзүнүн кыймыл-аракетин палестин жана ооган мусулмандарынын тартып жаткан азабы үчүн өч алуу катары түшүндүргөн. Бул ишти иликтөөгө прокуратуранын терроризмге каршы күрөшүү бөлүмү да тартылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG