Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Пакистанда белгисиз жоочулар автобуска кол салып, тогуз киши каза тапты


Гилгит-Балтистан
Гилгит-Балтистан

Пакистандын түндүк-батышындагы Гилгит-Балтистан аймагында белгисиз жоочулар коопсуздук күчтөрү коштоп бара жаткан жүргүнчүлөрү бар автобусту аткылап, тогуз киши каза болду. Алардын экөө - аскерлер. Жергиликтүү полиция жана өкмөттүн өкүлдөрүнүн билдиришинче, кол салуудан дагы 26 киши жарат алган.

Арасында бир аскер жана жергиликтүү сунни багытындагы диний кызматкери да бар. 2-декабрда кечке маал болгон кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек. Ички иштер министри Шамсул Лоне диний кызматкердин жараат алганынан улам мындай чабуулдун максаты “диний кастыкты козутуу” болушу мүмкүн деген шектенүүсүн билдирди. Лоне жакындагы суннилер менен шийилердин ортосундагы чыңалуудан улам жүргүнчүлөрдүн автобусун күч кызматкерлери коштоп бара жатканын айтты. Убактылуу премьер-министр Анвар уль-Хак Какар мамлекетке каршы мындай элементтер Гилгит-Балтистандагы тынчтыкты бузууга жол берилбестигин айтып, террорчуларга каршы күрөш уланарын убада кылды.

Сонку окуяны иликтөө үчүн атайын тергөө тобу түзүлгөнү маалым болду.

Пакистандык "Талибандын" өкүлү Мухаммад Хорасани бул кол салууга байланышын четке какты.

Бийлик өкүлдөрү диний окумуштуулардан чыңалууну азайтуунун үстүндө иштөөнү талап кылды. Жай айында тараптар бири-бирин исламдын багыттарын басмырлоого айыптаган эле.

Сентябрда араздашууларды алдын алуу үчүн эки агымдын лидерлеринен турган бирдиктүү комитет түзүлгөн. Аталган комитет дагы кол салууну айыптап, элди тынчтыкка чакырды.

Гилгит-Балтистанда Кытайдын «Бир алкак - бир жол» демилгесинин алкагында Бээжиндин жардамы менен дамба курулуп жатат. Ички иштер министри бул чабуул инвесторлорду коркутуу максатында жасалышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG