Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Навальныйга каршы жаңы кылмыш иши козголду


Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Оппозициячыл саясатчы, түрмөдөгү Алексей Навальныйга каршы вандализм боюнча жаңы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат саясатчынын социалдык тармактарында жарыяланды. Билдирүүгө караганда, кылмыш иши тууралуу Навальный Тергөө комитетинин катынан билген.

"Алар мага ар үч ай сайын жаңы кылмыш ишин ачып жатышат. Бир кишилик камерада отурган камактагы адамдын эч качан меникиндей кызыктуу коомдук-саясий жашоосу болбосо керек”-деп жазылган постто.

47 жаштагы Навальный быйыл августта “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин ал Ив-роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан.

Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG