Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Окуучунун мектептеги бир күндүк тамагына өкмөттөн 14 сомдон бөлүп туруу каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда башталгыч класста окуган балдардын бир маал тамагын мектепте уюштурууга мамлекеттен бөлүнүүчү акчаны көбөйтүү каралып жатканын бүгүн 1-декабрда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Министрдин айтымында, мугалимдерди жаңы муундагы ноутбук жана мазмундуу программалар менен камсыз кылууга, окуучулардын тамак-ашына, айлыктын кээ бир түрүн жогорулатууга бюджеттен кошумча 3 миллиард сом каралууда:

“Бүгүнкү күндө бизде үч түрлүү тамак берилет мектептерде. Тоолуу аймактарга 10 сом, түз жерде жайгашкандарга 7 сомдон бөлүнөт. Жогорулатуу болот. Жогорку Кеңеш берген протоколдук тапшырмада 20 сом деп жазылган. Каржы министрлиги менен макулдаштык, алар 14 сом деп жатышат, акыркы чечимди алар айтышат”.

Мектептердеги тамак-аш боюнча проблема жок экенин айткан министр бала бакчаларга байланыштуу да маалымат берди. Кендирбаева белгилегендей, айрым жерлерде 100% ата-энелер төлөшөт, мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 13 бала бакчага жана Баткен облусунун бала бакчаларына гана төлөнөт жергиликтүү бюджет аркылуу.

“Азыркы билим берүү мыйзамында өнүктүрүү чыгымын мамлекет алсын, ал эми багуу чыгымын ата-эне алсын, жардамга эң муктаждарды 100% мамлекет өзү каржылайт деп жазылган. Биз ошол боюнча иштейбиз”, - деди министр.

Башталгыч класстын окуучусунун тамагына деген акчаны 7 сомдон 20 сомго көбөйтүү пландалып жатканы былтыр да айтылган.

“Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө” жобо 2006-жылы кабыл алынган. Бул багытта өкмөткө эл аралык уюмдар да жардам беришет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG