Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

УКМК мурдагы аким “сойкулукка тартуу” беренеси боюнча кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте мурдагы аким жана ири бизнесмен чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөтүүчү жай уюштурууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн 1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “Ак-Суу” базарынын ээси кылмыштуу топтун курамында болуп, өзүнө таандык имаратты сойкукана катары пайдаланууга берип жүргөн.

“Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулук кылууга тартуу” беренеси боюнча 30-ноябрда Б.К.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди”, - деп билдирди УКМК.

Өлкөдө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар 1-декабрга чейин жабыларын, андай кызматтан колдонгон аткаминерлердин тизмеси бар экенин 30-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген.

Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөтүүнү кылмыш деп атоого негиз болуучу мыйзам же ченемдик акт жок. Андай иш менен алектенгендер кармалган учурда “бейбаштык” же “коомдук тартипти бузуу” сыяктуу беренелер менен айып пул салынат.

Юстиция министрлигинин реестриндеги расмий маалыматка караганда, "Ак-Суу" базарынын ээси катары Курманбек Анарбекович Байтереков көрсөтүлгөн. Ал 2010-жылга чейин Нарын облусунун Кочкор районунун акими болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG