Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

“Дордой”: митингдеги окуяга байланыштуу милиция бир кишини кармады


“Дордой” базарында нааразылык акция учурунда чыккан чыр. 30-ноябрь, 2023-жыл.
“Дордой” базарында нааразылык акция учурунда чыккан чыр. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмү “Дордой” базарында нааразылык акция учурунда бир адамды жулмалап, денесине залал келтирген деген шек менен бир киши кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.

30-ноябрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын айрым соодагерлери көзөмөл-кассалык машинесин (ККМ) колдонууга каршы акцияга чыгып, өкмөт патент менен иштөө системасын калтырып, ишкерлерге шарт түзүп бериши керектигин айтышкан.

Акция учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев менен соодагерлердин ортосунда пикир келишпестик чыккан. Урмат Токтожумаевди милиция элдин арасынан чыгарып кеткен.

Салык саясатына каршы ушул эле күнү Бишкектеги “Мадина” базарынын соодагерлери иш таштап, “Орто-Сай” базарында иштегендер да нааразылык акция өткөрүшкөн. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG