Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Зеленский Купянскидеги согуш тилкесине барды


Украинанын президенти Владимир Зеленский Купянск шаарындагы аскерлер менен. 30-ноябрь, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Купянск шаарындагы аскерлер менен. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Купянскинин аймагындагы согуш тилкесине барып, жоокерлер менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармактар аркылуу билдирди.

"Силерге жеңиш каалайм, Харьковду, Купянскини жана башка айыл-кыштактарды, жерибиздин ар бир чарчы метрин коргоодо күчтүү болгула, демиңерди жоготпогула”, -деди ал аскерлерге.

Зеленcкийди коргоо министри Рустем Умеров жана президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак коштоп жүрүштү. Украина дээрлик 21 айдан бери орус күчтөрүнө туруштук берип келатат. Купянск шаары былтыр сентябрда орус күчтөрүнөн тазаланган.

Орус армиясы калааны кайра басып алуу аракетинен кайтпай келет. Орус күчтөрүн Украинанын аймагын аткылоону улантууда. Херсон облусунда соңку бир суткада үч жайкын тургун мерт кеткенин жергиликтүү бийлик билдирди. Херсон шаардык мэриясынын башчысы Роман Мрочконун айтымында, соңку бир суткада орус армиясы облусту 16 жолу аткылады. Запорожье менен Харьков облустарынын ар биринде 16 калктуу конуш орус армиясынын бутасына кабылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG