Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Скопьеде ЕККУнун саммити башталды


Скопьеде башталган Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыл сайын өтүүчү саммити. 30-ноябрь, 2023-жыл.
Скопьеде башталган Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыл сайын өтүүчү саммити. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыл сайын өтүүчү саммити 30-ноябрда Түндүк Македониянын баш калаасы Скопьеде башталды. Бул жолку жыйын баштала электе эле бир катар талаш-тартыштар менен коштолду.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун саммитке катышуусуна байланыштуу Украина, Эстония, Латвия, Литва жана Польша бойкот жарыялашты.

Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Буяр Османи саммиттин башталышына сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын Украинага кол салышын айыптады.

Буга карабай, Скопье Лавровго жыйынга катышууга уруксат бергени үчүн сынга кабылууда. Лавров Түндүк Македонияга Грекиянын аба майданы аркылуу учуп барды. Буга чейин Болгария бортто Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова болгону үчүн аба майданынан өткөрүүдөн баш тартканын “Интерфакс” агенттиги жазган. Орусия Украинага согуш ачканына байланыштуу Захаровага Евробиримдик санкция салган.

Бул Москва Украинага кол салган 2022-жылдын башынан бери Лавровдун Евробиримдиктин аймагына жасаган алгачкы сапары.

Былтыр уюмдун жылдык жыйыны Польшада өткөн. Анда Варшава орус делегациясынын мүчөлөрүнө виза берүүдөн баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG