Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Казакстан: аялынын өлүмүнө айыпталган экс-министрдин беренеси алмашты


Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев менен маркум Салтанат Нукенова.
Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев менен маркум Салтанат Нукенова.

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевге ачылган кылмыш иши “адам өлтүрүү” беренесинен “өзгөчө ырайымсыздык менен киши өлтүрүү” беренесине өзгөртүлдү. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Жандос Умиралиев 30-ноябрда билдирди.

“Ошондой эле кылмышты жашырып, полицияга кабар бербегени үчүн анын тууганы кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Ошол күнү ал тууганынын жанында болуп, оор кылмыш болгонун полицияга айткан эмес. Алтургай ал кылмышты жашырууга көмөктөшкөн”,- деди Умиралиев.

43 жаштагы мурдагы экономика министри аялы Салтанат Нукенованын өлүмүнө шек саналууда. 31 жаштагы аял ур-токмоктон жан берген. Министр 11-ноябрда эки айга камалган. Бишимбаев менен кошо окуя болгон Астанадагы гастроборбордун директору дагы камалган. Ал дагы кылмышты жашырууга көмөктөшкөн деп шектелүүдө.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы ал коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылордо айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Анын аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, бийликтен зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акция башталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG