Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери иш таштады


"Мадина" базарындагы соода күркөлөрү жабык турат.
"Мадина" базарындагы соода күркөлөрү жабык турат.

Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери 30-ноябрда иш таштап, өкмөттүн салык саясатына каршы экенин билдиришти.

Алар бул нааразылык акциясын көзөмөл-кассалык машинесин (ККМ) колдонууга каршы уюштурганын айтып жатышат. Базардагы соода күркөлөрүнүн дээрлик баары жабык турганын "Азаттыктын" кабарчысы барып көрдү. Соодагерлер Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууну талап кылууда.

Мунун алдында "Дордой” базарында иштегендер Акылбек Жапаров жана тиешелүү мекеме жетекчилеринин келишин талап кылып, митинг уюштурушкан. Алар да өкмөт патент менен иштөө системасын калтырып, ишкерлерге шарт түзүп бериши керектигин айтып жатышат. Ал арада маалымат каражаттары "Орто-Сайдын" соодагерлери да митингге чыкканын жазып, видеолорун таратышты.

29-ноябрда Оштогу "Кара-Суу" базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машине колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Бул окуядан кийин Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей аларын билдирген. Ушул тапта стратегиялык объектилерге Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (ред.: Кара-Суу) базарлары кирет.

Алар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машина, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат. Бул ошол базардын ичинде гана болгон соода-сатыкта иштейт.

  • Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын ККМ колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү жана электрондук эсеп-фактура да киргизилди.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салык документи. (BTo/KS/SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG