Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Европарламент Украинанын мүчөлүк макамын колдоду


Европарламентте Украинанын мүчөлүк макамын талкуулаган жыйын
Европарламентте Украинанын мүчөлүк макамын талкуулаган жыйын

Европарламент Украинага Европа биримдигине мүчөлүк макамын берүү чечимин колдоду. 28-ноябрда Европарламент менен Украинанын Жогорку Радасынын ортосунда жаңыртылган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Европарламенттин лидерлери (президенттердин конференциясы) Европа кеңешинин 2022-жылкы Украинага талапкер макамын берүү чечимин колдогонун билдирди.

Шейшембиде Европарламент 8-ноябрдагы Еврокомиссиянын Украина менен сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу чечимин да колдоду.

Эми кийинки кадам декабрь айына белгиленген Европа Кеңешинин жыйында күтүлөт.

Президенттердин конференциясы Украина реформаларды улантып, Брюссел менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн коюлган шарттарды аткаруусу зарылдыгын белгиледи.

28-ноябрда Брюсселде Жогорку Раданын спикери Руслан Стефанчук менен Европарламенттин президенти Роберта Метсола уюштурган басма сөз жыйынында Украинадагы реформаларды улантууга басым жасалды. Европанын тынчтык фонду реформалар үчүн Украинага 50 миллиард евро бөлөт.

Стефанчук меморандумдга кол коюуну «тарыхый окуя» деп сыпаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG