Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:59

Аба ырайы: жаан жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 30-ноябрда Чүй, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 5…10,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 6…8° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG