Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Финляндия Орусия менен чек арасын толук жапты


Финн-орус чек арасындагы өткөрмө бекет.
Финн-орус чек арасындагы өткөрмө бекет.

Финляндия өкмөтү Орусия менен чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттерди эки аптага, 13-декабрга чейин жапканын билдирди. Премьер-министр Петтери Орпо 28-ноябрда түшүндүргөндөй, буга үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын болуп көрбөгөндөй агымы түрткү болду.

“Орусия өзү бул кырдаалды жаратты, эми өзү чекит коюшу керек”,-деди Орпо.

Ал арада Финляндиянын тышкы иштер министри Мари Рантанен мындан ары деңиз аркылуу же аба каттамы менен келгендер гана башпаанек сурап, кайрылса болорун айтты.

Расмий Хельсинки финн-орус чек арасындагы "Рая-Йоосеппи" бекетинен башка өткөрмө бекеттерди жабуу чечимин 22-ноябрда чыгарган.

Финляндия бийлигинин эсебинде Орусия бул мигранттарга чек арадан өтүүгө жардам берип улуттук коопсуздук коркунучун жаратууда. Бир эле ноябрь айында Финляндияга Орусия аркылуу Ирак, Сирия,Сомали, Пакистан, Йемен жана башка өлкөлөрдүн 900дөй жараны өткөн. Мурда бул көрсөткүч күнүнө бир нечеден ашчу эмес.

Москва Хельсинкинин кадамын “рационалдуу эмес” жана “провокациялык” деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG