Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Жапаров жаштарды билимге инвестиция салууга чакырды


Жаштар форуму.
Жаштар форуму.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 28-ноябрда Бишкекте өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” республикалык жаштар форумунда сүйлөп жатып жаштарды билимге инвестиция салууга чакырды. Өз сөзүндө мамлекет башчысы жаңыча билимди, инновацияларды жана технологияларды ыкчам өздөштүрүү негизги багыттардын бири экенин белгиледи:

“Биз билим экономикасын курууга умтулушубуз керектигин өткөн жолку жаштар форумунда да айткан элем. Азыр да сиздерден өзүңүздөргө, билимиңиздерге инвестиция салууну суранам. Бүгүн силердин колуңарда дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан маалымат алууга, электрондук форматтагы каалаган материалга жана билим алуу жаатында жүздөгөн колдонмолорго кирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Жаштыгыңардын бир эле бөлүгүн окууга, билим алууга, өнөр үйрөнүүгө жумшай алсаңар, анын үзүрүн өмүр бою көрөсүңөр. Чыгармачыл ой жүгүртүүнүн, ойду ырааттуу билдирүүнүн, ишкердик көндүмдөрдү, каржылык сабаттуулукту өнүктүрүүнүн башаты китеп окууга такалат”.

Жапаров жаштарды окутуу жана кесипке үйрөтүү системасына колдоону күчөтүүгө убада берди, акыркы үч жылдагы негизги жетишкендик саясий коррупциядан арылуу болгонун, экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруларын жана жаш ишкерлерди колдоо боюнча өзүнчө мамлекеттик программа иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин айтты.

Бүгүнкү жаштар форуму алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу салтанаты болду. Быйыл аталган сыйлыктын “Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясында мыкты деп “Данисте” программасы үчүн “Азаттыктын” кабарчысы Айгерим Акылбекова таанылды.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG