Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Столтенберг орус армиясы Украинада “чоң жоготууга” учураганын айтты


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 27-ноябрь, 2023-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 27-ноябрь, 2023-жыл.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 27-ноябрда билдиргендей, Киев Москва басып алган аймактардын көбүн азырынча кайтара элек, бирок украин армиясы мурдагыдай эле орус күчтөрүн “чоң жоготууларга” учуратууда.

“Албетте, биз алар аймактарын тезирээк бошотуп алышын каалайт элек. Фронттун тилкеси ордунан жылбаса дагы, украиндер орус оккупанттарын чоң жоготууларга учуратууда”,- деди Столтенберг НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында. Ал ошондой эле альянс Украинаны узак мөөнөттө колдоону уланта берерин кошумчалады.

Британ чалгын кызматы украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына таянып билдиргендей, быйыл ноябрь айында орус армиясы бир күндө 931 аскеринен айрылган.

Бул согуш башталгандан берки эң чоң көрсөткүч экени белгиленет. Бул санды башка булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Соңку айда өлкө чыгышындагы Авдеевканын айланасындагы кармашта орус күчтөрү оор жоготууларга учураганын бир канча булак жазып чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG