Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

"Бир дүйнө Кыргызстан" талаштуу тасма боюнча Башкы прокуратурага жана акыйкатчыга арызданды


"Бир дүйнө Кыргызстан" фестивалынын сыйлыгы. Иллюстрациялык сүрөт.
"Бир дүйнө Кыргызстан" фестивалынын сыйлыгы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы Бишкекте көрсөтүлө турган тасмага байланыштуу чыккан маселе боюнча Башкы прокуратурага жана өлкөнүн акыйкатчысына арызданды. Бүгүн 27-ноябрда жөнөтүлгөн арыздарда “Кыргызтасмасы” ыйгарым укуктарынан аша чаап жатканы, тасмага берген уруксатын кайра чакыртып алуу деген норма мыйзамда жок экени, мындай чечими тууралуу мекеме расмий түрдө кабардар кылбаганы белгиленди.

Уюм “Кыргызтасмасынын” мыйзамсыз аракетин токтотууну, ага юридикалык баа берүүнү, тийиштүү кызматкерлерине чара көрүүнү өтүндү.

Кеп 27-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкекте өтүүчү адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XVII эл аралык "Бир дүйнө Кыргызстан-2023"фестивалында көрсөтүлө турган италиялык режиссер Барбара Купистинин "Согуш мезгилиндеги жазуулар" деп аталган тасмасы тууралуу болууда.

Фестивалды уюштуруп жаткан “Бир дүйнө Кыргызстан” кыймылы анда көрсөтүлө турган тасмаларга мамлекеттен уруксат алыш үчүн “Кыргызтасмасы” мекемесине 17-октябрда кайрылган, 14-ноябрда бардык тасмаларга, анын ичинде "Согуш мезгилиндеги жазуулар" фильмине да мамлекеттик күбөлүк алган. Бирок “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору бул даректүү тасманын каттоо күбөлүгүн 21-ноябрда жокко чыгарганын расмий маалымдаган.Буга аталган тасмада “экстремисттик көрүнүштөр камтылганы” себеп экени айтылган. Мекеме өз чечимин “улут аралык чыңалууну жарата турган тасманы көрсөтүүгө уруксат бере албайбыз” деп негиздеген.

"Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бул тасма фестивалда жабык көрсөтүлөрүн 24-ноябрда "Азаттыкка" билдирип, "Мындай тыюу Кыргызстандын Баш мыйзамына, эл аралык нормаларга туура келбейт. Эл аралык фестивалда көрсөтүлуүчү тасмаларды тескөөгө "Кыргызтасмасы" борборунун укугу жок. Биз бул маселени Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен талкуулаганбыз жана тасманы жабык көрсөтүүнү чечтик", - деген.

Аталган фильмде Орусиянын Украинадагы согушунун кесепети чагылдырылган.

Фестиваль алкагында жергиликтүү жана чет элдик режиссерлордун адам укуктары жаатындагы жалпысынан жыйырмадан ашуун документалдык тасмасы көрсөтүлөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG