Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Ысык-Көлгө күн электр станцияларын куруунун акыркы шарттары макулдашылды


Акылбек Жапаров (ортодо) кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен.
Акылбек Жапаров (ортодо) кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен.

Ысык-Көл облусуна 1 ГВт күн электр станциясын куруунун акыркы шарттары макулдашылды. Ага Кытайдын компаниялары инвестор болот. Ички жол-жоболор аяктагандан кийин инвестициялык макулдашуу бекитилет.

Расмий кабарга ылайык, министрлер кабинети төрагасы Акылбек Жапаров 25-ноябрда China Power International Development Limited (CPID) жана China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G) консорциум компаниялары менен келишимдин акыркы шарттарын талкуулады.

Быйыл май айында долбоордун баштапкы шарттарына Кытайдын Сиан шаарында кол коюлган.

Инвестициянын көлөмү 800 миллион АКШ долларын түзөт. Министрлер кабинети 500дөн ашык жумушчу орун түзүлүп, Тору-Айгыр айылынан Кемин көмөкчордонуна чейин 80 чакырым 500 кВт жогорку чыңалуудагы электр линиясы куруларын белгилөөдө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2022-жылы энергетикалык станциялар 13,9 млрд КВт электр энергиясы өндүргөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,3% аз. Ал эми калктын керектөөсү 16,1 млрд КВт болгон, жетпеген 3 млрд КВттан ашуун кубаттуулук Түркмөнстан менен Казакстандан сатып алынган. Статистикалык маалыматтар өткөн жылы электр жарыгынын жалпы коромжусу 17% болгонун көрсөтөт. Бул болжол менен 2,4 млрд кВт , анын 95,2% техникалык жоготууларга туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG