Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:31

Түркияда Кыргызcтандын маданият күндөрү расмий ачылды


Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземинен.
Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземинен.

Бүгүн, 26- ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды. Саамалык Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.

Маданият күндөрүнүн ачылышына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркиянын Маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, атайын чакырылган расмий меймандар, эки өлкөнүн искусство чеберлери жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Маданият күндөрү Анкара Чоң театрынын фойесинде Чалагыз Исабаев атындагы Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли улуттук ыр-күүлөрдү ойноп, ага коштоп улуттук кийим кийген кыз-жигиттер, чебер кол өнөрчүлөрдүн жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин жана кыргыздын улуттук даам-азыктары көрсөтүлдү.

Адан соң, маданият күндөрүнүн салтанатуу бөлүгүндө Кыргызстан тууралуу видео тасма тартууланып, театралдаштырылган оюн-зоок менен уланды.

Ачылыш салтанатта Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан менен Түркиянын маданий мамилелери динамикалуу жана позитивдик нукта өнүгүп жаткандыгын белгилеп, бул мамилелердин жандануусуна Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун 2021-жылы Түркияга болгон иш сапарында жетишилген макулдашуулар экендигин баса белгидеди.

Ошондой эле ал “2017, 2019, 2022-жылдары Стамбул, Анкара, Анталия шаарларында Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери жана бюсттары орнотулуп, сквер жана сейил бактарга анын ысымы ыйгарылгандыгы, чыгармалары түрк тилине которулгандыгы Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине жана чыгармачылыгына түрк эли чоң урмат-сый менен мамиле кыларын сезет” деп билдирди.

Концертте Кыргыз Республикасынын бир катар эл артисттери, Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак-Марал" бий ансамбли, Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери өнөр тартуулашты. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG