Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Газа: ХАМАСтын барымтасынан дагы 17 киши бошотулду


ХАМАС радикал уюмунун барымтасынан бошотулгандарды Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү алып баратышат. 26-ноябрь, 2023-жыл.
ХАМАС радикал уюмунун барымтасынан бошотулгандарды Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү алып баратышат. 26-ноябрь, 2023-жыл.

ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) радикал топ Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө барымтадагылардын үчүнчү тобун өткөрүп берди. Израилдин армиясы билдиргендей, алардын арасында Израилдин 14, Таиланддын үч жараны бар.

Маалыматка караганда, бошотулган израилдиктердин бири дароо ооруканага жөнөтүлдү.

Израил ушул эле күнү түрмөдөгү 39 палестин аял менен баланы бошотту.

Израил менен ХАМАС радикал уюмунунун ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, төрт күнгө ок атышуу токтотулат, ХАМАС радикал уюму 7-октябрда Израилде барымтага алган 240тан ашуун туткундан 50нү бошотот. Алардын катарына туткундагы чет өлкөлүктөр кирбейт. Аларды ХАМАС экстремисттик уюму мамлекет лидерлери менен өз ара макулдашуунун жыйынтыгында кое берүүдө.

Ал эми Израил өз кезегинде түрмөдөн 150дөй палестинди, негизинен аялдарды жана балдарды эркиндикке чыгарат. Андан тышкары Газа тилкесине күнүнө 200 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жана төрт машине күйүүчү май киргизүүгө уруксат берилет.

25-ноябрда ХАМАС 17 туткунду, Израил 39 палестинди бошоткон. Ал эми 24-ноябрда макулдашуу күчүнө киргенде барымтадан 25 туткун бошотулуп, Израил абактан чыккан 39 палестинди Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берди. Айырбаштоо жараянына аталган эл аралык уюм көмөктөшүүдө.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын эскалациясына ХАМАС куралдуу тобунун 7-октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Согушкерлер Израилдин калктуу конуштарына кирип барып, 1200 кишини жок кылган, 240тан көп адамды барымтага алып, Газа тилкесине чыгарып кеткен.

Жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, аталган радикал уюмдун көзөмөлүндөгү Газа тилкесине адегенде абадан сокку уруп, кийин жердеги аскердик операциясын баштаган. Курчоодо калган палестин анклавынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кеминде 15 миңдей киши набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG