Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Акылбек Жапаров британ ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды


Акылбек Жапаров Кардифф шаарындагы “Concrete Canvas” компаниясында. 2023-жылдын 25-ноябры.
Акылбек Жапаров Кардифф шаарындагы “Concrete Canvas” компаниясында. 2023-жылдын 25-ноябры.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-ноябрда Улуу Британиянын Кардифф шаарындагы “Concrete Canvas” компаниясына барды.

“Concrete Canvas” жумшак композиттик бетон баракчаларын чыгарган ишкана. Анын материалдары арык, каналдардын, суу сактоочу көлмөлөрдүн жана бассейиндердин, уулу калдыктарды сактоочу жайлардын жана балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагында кеңири колдонулат.

Учурда заводдон чыгарылган материалдар дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетине экспорттолот.

“Concrete Canvas” компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга даяр экенин билдирди. Өз кезегинде Акылбек Жапаров инвестиция салууга кызыктар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги бардык колдоосун көрсөтүүгө, бюрократиялык иштерди ыкчам чечүүгө даяр экенин билдирди.

Акылбек Жапаров Лондон шаарында өтө турган “МАЙНЕКС – Евразия” кен казуу тармагы боюнча 11-эл аралык конференцияга катышып, тоо-кен тармагына инвестиция тартуу боюнча сөз сүйлөмөкчү.

Ошондой эле ал кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Мындан тышкары тоо-кен, энергетика, инвестиция, экономика, каржы жана соода тармактары боюнча жолугушууларды өткөрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG