Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Бишкектеги ыш: мончо, сауналар текшерилип жатат


Бишкектеги ыш. 2020-жылдын 29-январы.
Бишкектеги ыш. 2020-жылдын 29-январы.

Бишкек мэриясынын муниципалдык көрктөндүрүү инспекциясы тыюу салынган буюмдарды өрттөп жаткандарды аныктоо үчүн мончолор менен сауналарды текшерет.

Бишкек мэриясынан маалымдашкандай, өткөн аптада калаа ичиндеги 38 мончо жана сауналар текшерилди. Анын жүрүшүндө чүпүрөк-чапырак, желим буюмдар отко жагылып жатканы аныкталды.

Жыл башынан мэрия эки жүзгө жакын текшрүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 41 протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга 478 миң сом айып пул салынган.

Бийлик мончо менен сауна иштеткендерге абаны булгабай турган отундун түрлөрүнө өтүүнү сунуштап жатат.

Бишкек акыркы жылдарда кыш түшкөн сайын абасы булганган дүйнөдөгу эң кир шаарлардын сап башынан тушпөй келет.

Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча нормадан дээрлик 30 эсеге жогору болот. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын "Бишкектеги абанын булганышы менен күрөшүү: абанын сапатын жакшыртуу боюнча жол картасы" деп аталган иликтөөсүндө айтылган.

Абаны негизинен улам саны көбөйүп бараткан автомашиналар, анын ичинен кичи автобусттар булгай турганы белгиленген. Алар чыгарган азот оксиди Бишкек жылуулук электр борборунун түтүнүнөн эки эсеге көп. Абалдан чыгуу үчүн иликтөөнүн авторлору автоунааларга техникалык кароо системасын киргизүүнү сунушташкан.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG