Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Бишкекте мыйзамсыз медициналык кызмат көрсөткөн 21 мекеме жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мыйзамсыз иштеп жаткан медициналык мекемелердин ишине бөгөт койду.

Аталган борбордун маалыматында, жалпысынан борбор калаадагы Ош базарынын айланасында иштеген 33 медициналык мекеме текшерилип, түрдүү мыйзам бузуулар боюнча 32 акт түзүлгөн. 21 мекемеге ишин токтотуу буйрук кылынган.

Мурдагы берилген эскертүүлөр боюнча чара көрбөгөн мекемелер боюнча 13 материал укуктук баа берүүсү үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Аламүдүн районундагы 11 стоматологиялык клиника текшерилип, төртөөндө гана Саламаттык сактоо министрлигинин уруксат кагазы болгону аныкталды. Лицензиясы жок иштеп жаткан мекемелерге айып пул салынып, иши токтотулду.

Саламаттык сактоо министрлигинин уруксат кагазы жок, санитардык коопсуздукту бузуу менен иштеп жүргөн менчик медициналык мекемелердин ишмердиги токтотулган учурлар буга чейин да болгон.

Калк арасында түрдүү оорулар, анын ичинде кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттин оор В, С, D түрлөрүнүн тарашына мыйзамсыз иштеген медициналык мекемелердин салымы да бар экени айтылып жүрөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG