Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Жапаров Кыргызстандын Борбор Азиядагы суу ресурстарын коргоо аракетин колдоого чакырды


SPECA саммити. 2023-жылдын 24-ноябры.
SPECA саммити. 2023-жылдын 24-ноябры.

Кыргызстан Борбор Азия аймагында жүрүп жаткан климаттык өзгөрүүгө деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жана тоолуу өлкө катары катуу дуушар болуп жатканын бүгүн 24-ноябрда президент Садыр Жапаров Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (SPECA) саммитинде билдирди.

Мамлекет башчы Тян-Шандагы мөңгүлөр жыл өткөн сайын эрип, жок болуп баратканын белгилеп, климат өзгөргөн, суу азайган шартта тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Кыргызстандын тоолуу аймакты туруктуу өнүктүрүү жана Борбор Азиянын суу ресурстарынын түзүлүү зонасын коргоо боюнча аракеттерин колдоого чакырды:

“Биз барган сайын калк жана айыл чарбасы үчүн суунун жетишсиздигине байланыштуу олуттуу көйгөйлөрдү сезип жатабыз, гидроэнергетика сектору кыйынчылыктарды баштан кечирип жатат, аба ырайы-климаттык шарттар жайкы жана кышкы мезгилде жылдык орточо температуранын жогорулашына карай өзгөрүп жатат”, - деди Жапаров.

Ал Кыргызстанда аймактын суу ресурстарынын дээрлик жарымы жайгашса да, гидроэнергетикалык потенциалы жылына 142 миллиард 500 миллион киловатт саатка бааланса да, өлкө бул потенциалдын 13% гана колдонуп жатканын белгиледи.

SPECA программасына Ооганстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. Аны БУУ 1998-жылы негиздеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG