Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Башкы прокуратура "Кумтөргө" байланыштуу козголгон иштер боюнча маалымат берди


Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" ишканасына байланыштуу 2022-жылдын 20-сентябрында козголгон кылмыш иштеринин тергелиши боюнча маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 23-ноябрда билдиргендей, жалпысынан мыйзамсыз тендер өткөрүү, эмерек жана башка инвентарды жогорулатылган баада сатып алуу, Панфилов көчөсү 178 дарегиндеги мүлктү жогору баада баалоо жана Кумтөр кениндеги жумушчулардын тамак-ашынын баасын жогорулатуу фактылары боюнча төрт иш Кылмыш-жаза кодексинин «Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» беренесинин негизинде козголгон.

“Ошол учурда Эсептөө палатасынын кортундусу боюнча 1,1 млрд сом деп чыккан. Тергөө иштери бир жылдан ашык жүрдү. Эсептөө палатасы баарын кайра текшерип, мамлекетке 881 миллион сом зыян келтирилгени боюнча корутунду берген. Буга чейин айыпталуучу тарап 862 млн сом чыгымды төлөп берген. Алдыда сот белгиленген айып пулду төлөөнү милдеттендирди. Тенгиз Бөлтүрүк баштаган 11 кызматкердин иши сотто каралып, 9 кызматкер боюнча соттун чечими чыгып, экөө боюнча сот уланууда. Ал эми Тенгиз Бөлтүрүк боюнча сот өкүмү чыгып, мамлекеттин пайдасына кошумча 800 миң сом айыппул төлөшү керек”.

21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бөлтүрүктү күнөөлүү деп таап, 800 миң сом айыппул салган. Ошондой эле сот чечими менен Бөлтүрүктү үй камагына алган бөгөт чарасы жокко чыгарылып, анын банк эсептери камактан бошотулган. Буга чейин Тенгиз Бөлтүрүк Башкы прокуратуранын эсебине которгон 10 млн сом "Кумтөр Голд Компани" ишканасына кайтарылмай болгон. Бөлтүрүк сот чечими боюнча комментарий бере элек.

Тараптардан апелляциялык арыз берилбесе, Биринчи Май райондук сотунун чечими отуз күндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлтүрүк быйыл апрель айында прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG