Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Таласта жаш кызды зордуктоо кылмышын жашырууга айыпталган милиция башчысын сот айыпка жыкты


13 жашар кыздын зордукталганы ачыкка чыккандан кийинки нааразылык акциясы. 8-июль, 2022-жыл.
13 жашар кыздын зордукталганы ачыкка чыккандан кийинки нааразылык акциясы. 8-июль, 2022-жыл.

Талас райондук соту 20-ноябрда райондук милициянын бөлүм башчысы, жашы жетелек кызды зордуктоо кылмышын жашырууга айыпталган Ю.А. аттуу адамдын ишин карап, ага 60 миң сом айып салды. Маалыматты Талас облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Сот чечимине ылайык, Ю. А. өзүнө айып тагылып жаткан: Кылмыш кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") боюнча акталды. Ал эми 367-беренеси ("Кылмышты жашыруу") менен айыптуу деп табылып, 600 эсеп өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Талас облустук прокуратурасы июнда Талас районунун ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Ю.А. быйыл март айында жаш кыздын айылдашы тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө маалыматты жашырганы үчүн камакка алынганын билдирген. Прокуратура аны "тез арада мыйзам чегинде чара көрүүнүн ордуна, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүүдөн 70 миң сом өлчөмүндө пара алып, өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырган" деп айыптаган. Милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") жана 367-беренеси ("Кылмышты жаап-жашыруу") менен кылмыш иши козголгон.

Прокуратура азырынча сот чечимине пикирин билдире элек.

Былтыр августта Бишкектин Свердлов райондук соту эки милиционерди 13 жаштагы кызды зордуктоого айыптап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Укук коргоочулар жана жарандык коом милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылып, бир нече жолу министрликтин алдына митингге чыгышкан.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.

Балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да белгилеген. Ал 17-ноябрда Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөгөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG