Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:10

Акылбек Жапаров: Пенсиялык фондго акча төкпөгөндөр жөлөкпул менен гана жашайт


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан пенсиялык реформанын натыйжасында пенсиялык фондго акча төкпөгөн жарандар карыя курагында жөлөкпул менен гана жашай турганын билдирди. Жапаров бул тууралуу парламент депутаттарынын алдында баяндама жасап жатып билдирди.

"Биз элибизге карылыгы үчүн өзү гана кам көрүүгө милдеттүү экенин көрсөттүк. Быйыл 1-октябрда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 38% көбөйттүк, андан пенсиялык фондго көп акча төккөн адамдар гана татыктуу пенсия ала алышары көрүндү. Мындан ары пенсиялык фондго акча төкпөгөн адамдар жаш курагы боюнча берилүүчү пенсияга эмес, жөлөкпулга гана жашашат", - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле балдарга берилүүчү жөлөкпулдар көбөйгөнүн, президенттин сунушу менен социалдык келишим долбоору ишке кирип, 10 миңден ашуун адамга жүз миң сомдон берилгенин белгиледи. Мындан отуз миңден ашуун адам иш менен камсыздалып, 300 миңдей адамдын жашоосу жакшырганын айтты.

Бүгүн, 23-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бардык мүчөлөрү Жогорку Кеңеште 2022-жылдын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы боюнча отчёт берип жатат. Бүгүнкү отурумда ошондой эле 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси жана келерки 2024-жылдын мамлекеттик бюджетинин долбоору да каралат.

Быйыл 1-октябрда камсыздандыруу бөлүгүнүн эсебинен пенсия 38 пайызга жогорулаган. Учурда пенсиянын орточо өлчөмү 9330 сом.

Кыргызстанда азыркы тапта 765 миң пенсионер бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG