Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Газа: Ок атууну токтотуу режими бейшембиде башталары күтүлүүдө


Газа тилкесинин түндүгү. 22-ноябрь 2023-жыл
Газа тилкесинин түндүгү. 22-ноябрь 2023-жыл

Газадагы ок атууну убактылуу токтотуу келишимин дүйнө лидерлери кубаттоо менен кабыл алышты. "Рейтер" агенттиги жазгандай, Катардын арачылыгы менен жетишилген макулдашуунун шарттарын аткаруу бейшембиде башталары күтүлүүдө.

Шейшембинин кечинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси жоочулардын барымтасындагы 50 аял менен балдар төрт күндүн ичинде бошотуларын, күнүнө кеминде ондон киши кое берилет деп билдирген. Дагы 10 киши азат кылынат деген шартта ок атышпоо режими узартылышы ыктымал. Өкмөт барымтадагылардын бардыгын үйлөрүнө кайтарууну максат кыларын, биринчи кадам ташталганын кошумчалады.

Израилдин Юстиция министрлиги бошотулушу мүмкүн деген палестиналык 300 туткундун тизмесин жарыялады.

Ал эми ХАМАС (АКШ менен Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу адегенде 50 киши Израилдин абактарында отурган 150 палестиналык аял менен балага айырбашталарын айткан.

Ошондой эле ок атуу токтогон маалда Газа тилкесине гуманитардык, медициналык жардам, күйүүчү май жеткирилет.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, жаңжал башталган 7-октябрдан бери тилкеде 14 миңден ашуун киши каза тапты, алардын 40% балдар.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн болбогону менен БУУ андай сандарга ишенсе болорун белгилейт.

Израилдин өкмөтү ХАМАСтын кол салуусунан 1200 кишинин өмүрү кыйылганын, 220дай киши барымтага алынганын билдирген.

БУУнун Гуманитардык маселелерди тескеген агенттиги Газа тилкесинде бери дегенде 1,7 млн киши жер которууга аргасыз болгонун кабарлады.

7-октябрда ХАМАСтын кол салуусунан кийин Израил радикал топко каршы согуш ачып, Газада аскердик операция баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG