Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Прокурорлорго мыйзам сакчысы деген наамга татыктуу иштөө талабы коюлду


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Прокуратура кызматкерлери мыйзамдын ишенимдүү сакчылары деген наамга татыктуу болуп иштеши керек деген талабын президент Садыр Жапаров бүгүн 22-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата жолдогон кайрылуусунда койду.

Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, мамлекетте мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуу жана укук тартибин бекемдөө прокуратура өкүлдөрүнүн негизги иши экенин белгилеген мамлекет башчы алардан акыйкат издеп кайрылган ар бир жаран колдоо табарына, мыйзамдуу талаптары ишенимдүү корголоруна терең ишенүүгө тийиш экенин белгиледи.

Прокурорлордун кесиптик майрамына карата куттуктоосунда башкы прокурор Курманкул Зулушев “кол тийбес” деген түшүнүк жоюлуп, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө катуу, бирок, ошол эле учурда адилеттүү болууга тийиш деген талабын койду.

Кыргыз прокуратурасынын тарыхы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялык облусу түзүлгөн учурдан башталат. Облустун Революциялык комитетинин президиумунун токтому менен 1924-жылы 22-ноябрда 15 адамдан турган биринчи улуттук прокуратура негизделген.

Быйыл май айында АКШнын Эл аралык республикалык институту (IRI) өлкөдөгү саясий кырдаал, кыргызстандыктарды түйшөлткөн көйгөйлөр боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкандар “Өтө коррупциялашкан мамлекеттик органдар” деп сот, жол коопсуздук, медицина, милиция, жогорку окуу жайлар, прокуратура жана бажы кызматын көрсөтүшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG